каала

китептерде 77 жолу, 8 китепте
  1. Жактыруу, көңүлү түшүү, жак-К шы көрүү.
  2. Тилөө, эңсөө, самоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…н, / Алды-аркасын карабай, / Күндүз жатып, түн басып: / «Көрүп калса бир киши, / Бекбачага айтат, — деп, / Угуп калса Бекбача, / Аркамдан издеп чабар, — деп, / Каалаган жерге жеткизбей, / Канымды суудай жайар, — деп, / Чыгышты карай түз жүрсөм, / Ат изине салар, — деп, / Абийирим ачып айрандай, / Амалсыз кылып салат, — деп, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Улугуңа бар, — деди, / Эмне көргөн-билгенин, / Жашырбай айта сал, — деди, / Каалабайым кан ичпейим, / Киймиң чеч, аттан түш, / Олжо алам дебейим, / Өчөшсө келсин кытайың, / Өткөрөйүн санаттан, / Карматамын дагы эле, / Кылып көнгөн адат ал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кедеңдин уулу Жолойу, / Жеткире берип колкосун, / Каалап туруп бул алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейтек Гүлнар кааласа, / Бара бергин Урумга, / Орус хан менин өз атам, / Мен жазган катты алпбарсаң,, / Эми карып калдым деп, / Энчисине кызынын, / Элин кошуп береби, / Кудай билет хан атам, / Же жерин кошуп береби, / Батыш, чыгыш кыргызы, / Биргелешип кетеби. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Каалаганча жешип, тасторконду кайра ордуна илип коюшат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →