каада

китептерде 75 жолу, 7 китепте
  1. Салт, үрп-адат.
  2. Адат, көнүмүш, өнөкөт.
  3. Урмат, ардак, шаан-шөкөт, кадыр-барк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каада-нарктуу кеп кылсаң, / Кырк балбанын кетирбей, / Кыйратат элем кек кылсам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бели ийилип бүгүлүп, / Бирден басып жүгүнүп, / Кайран бели бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Каадасы менен турду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Каадасындай жатышты, / Жарык таңды аткызды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сенин ачык, жолун шар, / Мусулмандык каадаңда, / Бата деген ишиң бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кай жерлигин билбеди, / Бир жерге булар келгени, / Басалбай калды жадашып, / Бирин –бири карашып, / Күндө улар жүрүчү, / Басчу жолду талашып, / Жооруп кеткен таманын, / Ит каадасы жалашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →