ка
- «К» тамгасынын аталышы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карандатпай жаныңа, / Кадемин анын катырдың, / Кара жерге тапшырдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кандеке түртүп салдыңбы, / Кайгыга салбай калыкты, / Тапшырып алсаң болбойбу, / Талаада калган шаарыңды,- / Келген элден кеп угуп, / Кетти Жаңжүн деп угуп: / — Улук болбой катып кал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айлана сеңир тумшуктан, / Чыга калса эки арстан, / Кайран баатыр Кара дөө, / Кабизет кылып калдаңдап, / Эки этеги далдаңдап, / Далдал болуп сооту, / Жыртылыптыр салбаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Каныкейди кар кылдың, / Хан Бакайды зар кылдың, / Өткөрүп жылдар арадан, / Кадыксыз көөнүн жай кылдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Жапайы бугуну карматып келип баягы карындашы жаткан көмүркөйдү бугунун эки мүйүзүнүн ортосуна бекем байлап кадайт да, бугуну жибек аркан менен аркандатып коет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →