иште

китептерде 61 жолу, 8 китепте
  1. Күч эмгегин, акыл эмгегин жумшоо аркылуу кандайдыр бир жумушту, ишти аткаруу, бир нерсе жасоо аракетинде болуу.
  2. Кызмат аткаруу.
  3. Кыймыл-аракетке келүү, кыймыл-аракетте болуу, жүрүп турган абалда болуу.
  4. Кызмат жүрүп жаткан, жумуш күнү улантылып аткан абалда болуу.
  5. Кандайдыр бир уюм, мекеме, кружок ж.б. өзүнө тиешелүү милдетин аткарган абалда болуу, иш жүргүзүп туруу.
  6. Өз милдетин аткаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манас менен бир барып, / Бээжинден өлдү Музбурчак, / Атанын жолун кубалап, / Жакшы –жаман ар иште, / Семетейдин жанында, / Бирге болдум Аккубак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…емпир ыйласын, / Бешикте лалаң ачка өлсүн, / Качып жүрүп уул- келин, / Курбу-курбу ташта өлсүн, / Алысак тартып чубатып, / Арыктап төөлөр чөлдө өлсүн, / Ашарга иштеп аш таппай, / Азаматтар ачка өлсүн, / Куугунда өлсүн азоолор, / Куйугуп өлсүн кулундар, / Чачылсын алтын пулдарың, / Тартып алам бүт баарын, / Азапка салам элиң… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ортосу көкжал темирди, / Өзүм иштеп чыгарам, / Үч темирден курсам, / Үйгө койсоң үркөр боо, / Үнү ачуу Койчагыр, / Ойноп атса Очогор, / Жыйнап атса Замбирек, / Андай күндөр кез келсе, / Сандолун десе эп келет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мээнин кабы жарылган, / Жүрбөй каны уйуган, / Сүйлөбөй тили буулган, / Айабастан иштетип, / Канча түрдүү дарыдан, / Арылган араң ириңден, / Ириң жеп тамыр чириген, / Ушундай түрдүү себептен, / Тили кечир булдурап, / Так келе албай чулдурап, / Кулагын турган чер басып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жакшы, жаман ар иште, / Белди бекем бууштук. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →