ишен

китептерде 147 жолу, 10 китепте
  1. Бирөөнүн айтканына, укканына, көргөнүнө ж.б. анык, чын деп ынануу белгилүү бир ишенимде болуу.
  2. Таянуу, жөлөк кылуу, бел байлоо, үмүт кылуу, ишеничте болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ишенген Дөрбөн эр өлүп, / Кошулуп Кыйар дагы өлүп, / Батай, Катай – ал экөө, / Чыгалбай калды деми өлүп, / Качырды Отор капыры, / Карагай найза өңөрүп, / Буту сынып жа… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сенден бала төрт экен, / Улуу бала кыз экен, / Уулум Манас өрт экен, / Серек, Сыргак ини экен, / Аркамда иним эки деп, / Ишенери бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Унчукпай туруп алганда: / — Ой Канчоро курдашым, / Мен Гүлчоро сырдашың, / Ишенгиниң нээтиңде, / Саа жамандык кылбасым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ишенбеймин «андай болбосо керек» деп өзүмчө жакшылыкка жоруймун. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Болуптур, мага ишенбесең бара көрөбүз, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →