иш

китептерде 1482 жолу, 10 китепте
  1. Акыл-эстин, күч эмгегинин жумшалышы аркылуу белгилүү бир максатка ылайык аткарылуучу жумуш, күч аракети, эмгек процесси.
  2. Кызмат, кызмат абалы.
  3. Администрациялык, сот органдары тарабынан карала турган маселе, факт, сот процесси.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айкөл Манас баатырдын, / Акылынын даанасы, / Кылган ишин карачы, / Токсон уруу түрк уулун, / Алтымыш уруу алаш деп, / Баш коштурган санаты, / Он төрт хан кылып чогултуп, / Тынган экен санаасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Бара жатып Дабытай, / Коросонго жөн барбай, / “Алгандын иши алган, деп, / Душмандын качан бир кылым” / Шаңкай деген кыргыздын, / Бир уруусу эл эле, / Жетисуу менен Коросон, / Ортосунда турчу эле, / Утур келип ал жерге, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аркамды карап көп жүрдүм, / Ак ышкын терип жеп жүрдүм, / Айаш атам иш билги, / Айдаркан кыйбайт деп жүрдүм: / Көт жагым карап көп жүрдүм, / Көк ышкын терип жеп жүрдүм, / Жан кыйышпас дос элек, / Көкчө кыйбайт деп жүрдүм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Алты күн өткөн кездерде, / Канчоро менен Чачыкени, / Алып келер мезгилде, / Ордо башы Сетертай, / Асталай басып жетти эле, / Азыркысын коргондо, / Иш башкарган Керменбай, / Айтып турат Сетертай: / — Эр Гүлүстөн, хан Сейтек, / Күмбөздөн мында келерде, / Жумшадыңыз сиз мени, / Сен ордого баргын, деп, / Эси жок… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Өткөн иш өттү...— деп, Бурмаке аларды жубаткан болот. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →