ичте

китептерде 23 жолу, 7 китепте
  1. Ич салуу, астарлоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сапты айак уйул тал болсун, / Кымызың мүрөк бал болсун, / Сапты айактын чоңдугу, / Көк казанга тең болсун, / Ичиндеки кымызы, / Аз болсо айдың көл болсун, / Кел чогулуп ичели, / Айкөл шерди биз эстеп, / Ичтеки муңду чечели! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айткан кепке болбосоң, / Арманың ичте калбасын, / Айанбастан камдангын, / Камың бүтүн болгончо, / Камаарабай мен бармын, / Кагышар болсоң бел байлап, / Аркаңда аскер жардасын, / Ачакан менен Саламат, / Ажырап андан сен калдың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Узун сапар кылууга, / Уруштурбай Кытайга, / Убара кылбай кырууга, / Алмаң ичте бекинип, / Алыстан бизди айдады, / Арстаным Манас, билбейсиң, / Ал ушундай жайлады! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара аскерде жазык жок, / Калган журтта азык жок, / Камынып келсин армансыз, / Өлбөс болуп көөнү ток, / Кырк күнү бердим уруксат, / Арманы ичте калбасын, / Тапан хан өзү баш болуп, / Бастырып келбей чойкойуп, / Найзасын бекем кармасын, / Караанга алып келбесин, / Керекке келбес жармачын, / Караан болор… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жатып алып ичтеген, / Аруукеси баш болуп, / Алтымыш келин котчу алып, / Үч айдын күнү токсон күн, / Эрикпестен тиштеген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →