ички
- Бир нерсенин сыртына карама-каршы жагындагы, ич тарабындагы, ич жагын караган.
- Ич жактагы, төр жактагы, төркү Каныбектер ички үйгө киришти (Жантөшев).
- Ичтеги айтыла элек, жарыялана элек, көмүскө.
- Ич арага таандык, сыртка, бөтөн тарапка, башкаларга тиешеси жок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мелтиреген көл калды, / Жарымы ачуу ичкисиз, / Жарымы таттуу балга окшош, / Аккан дайра суу калды, / Талкан чалган немедей, / Уйуп жаткан суу көрдү, / Жайы-кышы өчпөгөн, / Күйүп жаткан от көрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ырыскан калды толгонуп, / Кубатайга каш серпип, / Ички сырын айтпаска.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ат жалын тартып мингели, / Кененим жүрөт, саламат, / Бучкагына теңебей, / Жалганы жок чынды айтам, / Жашырбай ички сырды айтам, / Жети дөөнү Кененим, / Бүткүл баарын жеңгенде, / Сага соога кылган жок, / Найза эмес темене, / Качан алды теңине?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Канчорону келтирип, / Колу-бутун чечтирип, / Ичкиниң деп аш берип, / Бакай айтат бир кепти: / — Кызыталак, арам ит, / Атаң Чубак эр эле, / Эр уулу менен тең эле, / Атадан айлан, чунак ит, / Эмне болдуң сен эле?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эмесе, аба» — деп, — / Бура тарта бергенде, / Бурула тартып кеп айтат, / Анык ички сырды айтат: / «Эми жеттим, Семетей, / Суркойон сындуу бууданга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →