ичке
- Бою, тулкусу жагынан алганда болук эмес, жоондугу жагынан алганда ичкелик артыкчылыгы бар, жоон эмес.
- Жоон эмес, чыйылдаган (үн жөнүндө).
- Кенен эмес, чоң эмес, кууш, тар. Кербен сарай, эски дубал уранды, Ичке булак ар жагында безилдейт (Токомбаев).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ар бир акыл ойлонуп, / Ар нерсе ичке жык толуп, / Арылбаган муң бул деп, / Айласы кетип Дабытай, / Баш айланып тел болуп, / Эшитер кулак кер болуп, / Эт жүрөгү чер болуп, / Качамын деп качалбай, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Пилди ичке мойундан, / Таарый чаап өттү эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Темирден кадаа орнотту, / Шуудурдун чылгый терисин, / Эки бутка төрт жерге, / Табарсык менен колтукка, / Эки колдун карыга, / Кокойгон ичке мойунга – / Тогуз жерге салдырды, / Башына каптап таңдырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Сөөк-саагы ичке.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир жолу ичкенде бир шаардыкын бир эле ичет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →