ит
- Адамдар үй, короо кайтартуу үчүн, мергенчиликке алып чыгуу үчүн ж. б. максаттарда пайдалануучу карышкырлар тукумуна кирүүчү үй айбаны.
- Мүчөлдүн он биринчи жылынын аты.
- Жаман көргөндүгүн, жамандыгын билдиргенде, тилдегенде, жекиргенде ж. б. колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жайылып чыгар мал койбой, / Маана кылып жаанда, / Баш калакалар үй койбой, / Сойуп жерге кой койбой, / Суукка кийер тон койбой, / Үрүп чыгар ит койбой, / Азыгы жок, үйү жок, / Бут артарга тайы жок, / Алсыратып шаңкайды, / Таштат атып жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эркинче бактым бул итти, / Көп дүйнөмдү чачтырды, / Быйакка кетсе жөн кетпей, / Өлтүрө кетип Дөөдүрдү, / Андан жаман шаштырды, / Айлымды калмак тебелеп, / Топурагын каздырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ит болуп үрөт арсылдап, / Каткырып кетет карсыладп, / Оозунан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Падышанын адил жардыгына каршы болгон ит, сени азыр мен эмне кылып жиберейин?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Түлкү талаада жойлоп жүрсө, ит ээрчиткен аңчылар көрүп калат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →