ис

китептерде 324 жолу, 8 китепте
  1. Искөө сезимине таасир кылуучу кандайдыр бир жыт.
  2. Көмүрдүн чала күйгөндүгүнөн пайда болуучу ууландыруучу газ.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…агай кулак Чойун алп, / Жез киндиктүү Кикимат, / Темир тондуу Шалкымат, / Кокту каттан хан Чиктей, / Тажиктердин Темирбек, / Алар да келген тебелеп, / Коросон, испан, ооганды, / Кол чакырып куралып, / Жааган күндөй себелеп, / Келгендин өлүп чоңдору, / Калганы кеткен темтелеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Испан менен оогандык, / Коркконунан кошулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Качантан бери кагышып, / Кармаштым далай салышып, / Испандык ханы Ачакан, / Мени менен бир барган, / Баарынын тарпын чыгардың, / Далдал кылып тамтыгын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бүгүн келдим Таласка, / Азап күн салам алашка, / Манжу, Каңгай, Кытайга, / Теңим бөлүп беремин, / Коросон менен Испанга, / Теңин бөлүп беремин, / Мисир, Багдат, Иранга, / Дагы бөлүп беремин, / Конушунан көчүрүп, / Кыргыз атын өчүрүп, / Жедигер менен кыйбаны, / Ооганга бөлүп бере… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Испан менен Ирандан, / Кокон менен Кашкардан, / Келбесин кокус кас душман. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →