ирме

китептерде 125 жолу, 10 китепте
  1. Көздү тез жуумп-ачуу, кирпик кагуу.
  2. Колду, канатты серпүү, кагуу, кармалоого, алууга ж.б. аракеттенип сермөө.
  3. Тээкти, тетикти ж.б. тез басып жиберүү, тартып жиберүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эмне болуп кеттим, деп, / Ачып көзүн ирмесе, / Ак шумкар сындуу сыланган, / Атанын уулу шер турат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Оодарып жерден алышып, / Олпоктон орун салышып, / Эми кантер экен деп, / Оозуна суудан тамызып, / Эки ирмеп, үч ирмеп, / Кылт дегени билинип, / Бир челекче суу ичип, / Көзүн ачты тирилип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карсылдашып жарым күн, / Жер зынданга киргени, / Айтып кебин болгуча, / Ирмебей кирпик тиктеди, / Мен басыла түшкөндө, / Кабаган иттей каңк деди, / Ыргып кетип элечек, / Томолонуп шалк деди, / Бүгүн болду төрт күнчө, / Үйүнө басып кирбеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ирмеп көзү ачылып, / Ичи куйуп ачынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жай ирмеген күлүмсүрөгөн сүйкүмдүү көзү менен караганда кишинин ичиндеги сырын көрүп тургандай болучу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →