ириң

китептерде 16 жолу, 8 китепте
  1. Организмдин ткандарынын сезгенген, жараланган жерине өзгөчө бактериялардын киришинин натыйжасында пайда болуучу жаман жыттуу, саргыч жашыл түстөгү коюу суюктук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Батай, Катай жарадар, / Онтоп, ооруп жан кейип, / Кара тер басып ал кетип, / Найза тийген сом эттен, / Ириң менен кара кан, / Салаа-салаа ал кетип, / Кырк кабырга, он мойун, / Арка, омуртка аралаш, / Кыйрап калган немедей, / Кайсы экени билинбейт, / Батай менен Катайдын, / Көрбөй көзү күүгүмдөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эки түнү, үч күндө, / Тапан хан жетти элине, / Элүү балбан жыйылып, / Көрүштү келип бегине, / Найза тийген кулкулдап, / Ириң аккан чулкулдап, / Көздөрү түштү бегине, / Ээ боло албай чуркурап, / Айта турган кебине: / — Белиңизде жараңыз, / Кайдан таап алгансыз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Мээнин кабы жарылган, / Жүрбөй каны уйуган, / Сүйлөбөй тили буулган, / Айабастан иштетип, / Канча түрдүү дарыдан, / Арылган араң ириңден, / Ириң жеп тамыр чириген, / Ушундай түрдүү себептен, / Тили кечир булдурап, / Так келе албай чулдурап, / Кулагын турган чер басып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жонундагы жаранын, / Каны менен ириңин, / Тарттырып аны чыгарды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Алда кандай болгону, / Кайсы экени билинбейт, / Ириң агып, кан агып, / Бир убактан дирилдейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →