иреге

китептерде 13 жолу, 4 китепте
  1. Боз үйдүн босого тарабы, үйдүн эшиктен кире берген жери, улага.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыш-кыштооңор аралаш, / Жай-жайлооңор чамалаш, / Жайы-кышы бөлүнбөй, / Жүрөсүңөр чамалаш, / Кымыз ичип козу жеп, / Санаасы жакын кадырнас, / Ирегең бирге эл элең, / Илгеркидей болсоңор, / Бекбача мында не келем, / Кырдуусуп Таңгыт кетпесең, / Кемсинип кыргыз калбаса, / Ким келет сенин айлыңа? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ирегени бир жайган, / Короодо малың бир жаткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айылдан кеткен Ажыбай, / Арстандын кирди үйүнө, / Олтурган экен Каныкей, / Ирегенин түбүндө, / Өңү мунун бөлөкчө, / Караган адам көрүүгө, / Эмне болуп кетти, — деп, / Сурайын мындан кепти деп, / — Арстан кайда жеңеке, / Бар эле менин кебим, — … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Желке чачы сепейип, / Суусун барбы дегенде, / Көрсөтүп туруп тетиги, / Ирегенин түбүндө, / Ар кишиге бир айак, / Калбай тегиз жеткиндей, / Кемитпей куйуп кымызды, / Чоң чарага тизип кел. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жел бардык күчүн жыйнап келип урганда, жаман үзүк делпилдеп, үйдүн жыгачтары кычырагандай болот, ирегеде чийдин бир жыртыгынан эрегишкендей борошо кирип, айдап алган карды коломтого чейин буркуратып таштап турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →