имиш

китептерде 12 жолу, 7 китепте
  1. Өңдөнөт, окшойт, сыяктанат, ошондой дейт деген мааниде алынган кабардын, сөздүн ж.б. ачык эместигин, так эместигин белгилөө иретинде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Үч уруунун элинде, / Белдүүдөн бар жетимиш, / Айдап келген кошууну, / Токсон алты миң имиш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мөңкөтай көөнү бузулса, / Алжан, алчын – эки урук, / Бир атанын уулу имиш, / Кыргыздан башка белгиси – / Ала сызма боо тагып, / Жүрүчү эле үй тигип, / Алжан, алчын айылы, деп, / Сурабай аны эл билип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Билмек болуп Алмамбет, / Бир кишиден сурады, / Сураган киши муну айтты, / Сурдантып Алмаң муңайтты: / — Канча жылдын алдында, / Капкалуу Бейжин калаада, / Бир ханыбыз бар имиш, / Качып кеткен башкага, / Катыны калып Бейжинде, / Эрге тийбей келиптир, / Эрин күтүп эмгиче. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бастырбай жатып жай токтоп, / Имам меди чазында, / Жатар имиш ок копшоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Ал эми жер үстүндөгүсү болсо, "кеч кирип, таң атсынчы" дейт экен да экөө тең табышалбай жүрөт имиш. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →