имер

китептерде 334 жолу, 9 китепте
  1. Кайруу, буруу, кайрып, буруп бир жерге топтоо, чогултуу.
  2. Жакындатуу, өзүнө тартуу, үйүр алдыруу.
  3. Толгой тартуу, толгой чыйратуу, толгой буроо, бурай кармоо.
  4. Булгалай тартып жиберүү, шилтөө, айландыра булгалоо.
  5. Айланта кароо, көз жүгүртүү, айланчыктап байкоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Найзасын Сазан имерди, / Чамакташка жиберди, / Билегинде күчү бар, / Он тогузда өзү жаш, / Жүрөгүндө оту бар / Эрдик күчү бир бөлөк, / Жаштык күчү бир бөлөк, / Делбе күч деп бирөө бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өйүзү сеңир ак урчук, / Жээн жайлоонун чоң тумшук, / Күүлөп-күүлөп имерди, / Урчукка койуп жиберди, / Урчуктун ташын камдады, / Өчөшкөн калмак Отордун, / Эти турмай сөөгүнүн, / Дегеле дайны калбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ойротто жок Кененим, / Оң айланып имерди, / Сап боло түшкөн кезинде, / Жебени тартып жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
тартып алганча, / Баатыр көк жал жеткени, / Жата тургун эми деп, / Как өпкөнүн тушу деп, / Эти жок такыр колтукка, / Мылгытып найза жиберди, / Ылдамдап копшуп имерди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сүткө кошуп Айчүрөк, / Как ушундай дарыдан, / Кулагына тамызып, / Көзгө сыйпап жиберип, / Сулумсур деген жоолук бар, / Артына аарчып имерип, / Аңгыча Бакай абаңыз, / Кыл мурутун сылады, / Сылап кайра тарткыча, / Бир мурут чыга калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →