илмек

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Эшикти, дарбазаны ж.б. илип бекитип коюу үчүн ылайыкталып жасалган бир учу иймек илгич.
  2. Өткөрүлгөн бир учунан тартканда оңой чечилип кете тургандай кылып алкак түрүндө байланган байлоонун бир турү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сөз ичинен сыр тартып, / Икир–чикир арамдык, / Илмегин билет дөө уулу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тик айталбай жалтактап, / Сейит турса жанында, / Жай айткан жалпак тил менен, / Коркурап кочкор үн менен, / Саймалап сөздү түр менен, / Кээ кезинде чочутуп, / Илмек түйүн сүр менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кыйкач көзгө көзүң сал, / Илмектүү сөздү эсиңе ал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →