илинүү
- Илинген абалда, илинип коюлган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Билбей калбайт Кардыгач, / Найза кагар шылк баш, / Бүлдүргөсү белгилүү, / Кемерине илинүү, / Жулуп алды Кардыгач, / Кылычты кандай чабарын, / Байкап калды Кардыгач.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Султандан калган алма баш, / Машага милте илинүү, / Тартып алды ийнинен, / Ичинде огу салынуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жүйрүн дөөнүн эт көйнөк, / Сейитимде кийилүү, / Сыргак шердин сыр найза, / Карысында илинүү, / Алмамбеттин кеп жабуу, / Телкүрөңгө жабылуу, / Кеңкуланын көкүлдүк, / Телкүрөңгө тагылуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Карыга найза илинүү, / Баатырдыгы белгилүү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Тийген жери тилилүү, / Кара саат баланын, / Ортонуна илинүү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →