илеп3
- Жууркан-төшөктүн жээги, чеги.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жедигердин Каракөз, / Коросондун Салаасы, / Испандан Тете кошулуп, / Асыл менен алышып, / Каны агып жошулуп, / Заманды, Жоомарт, Буйтуна, / Хан Сакычак, Илебин – / Беш баатыр өлүп мултуйуп, / Көкбөрүгө кошулду, / Кылмышкер болуп култуйуп, / Олтурган экен Көкбөрү, / Көгөрүп бети тултуйуп, / Кабагын ачпай бүркөлүп, / Ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Буйругумча болбосоң, / Дабытай менен Ачакан, / Башыңды жулуп аламын, / Коросон испан элиңди, / Түп көтөрө чабамын, / Түйшүктү катуу саламын, / Соогага берип мал-пулуң, / Ар кайдан кошуун табамын, / Алтымыш илеп кол менен, / Мен Таласка барамын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Илебиндин кырынан, / Кароолчу чыгып ат карайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…штаган, / Чогулуп турган алптарга, / Кебим бар менин айтарга, / Эки күн кийин калгамын, / Аттар кайра тартканда, / Үчүнчү күнү жөнөдүм, / Кең Иленин бойунан, / Илебиндин ойунан, / Буудандарга жеткенмин, / Кайсы экени таанылбайт, / Абдан таанып өткөнгө, / Ала качып Мааникер, / Алактап жүрүп таанытпайт, / Он бир эле ат келет, / К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Челек менен чарында, / Илебиндин кырында, / Текестин тескей сыртында, / Чөп калың дейт ушунда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →