ил
- Бир нерсени асуу, асып коюу, кыстарып коюу.
- Илгичи бар нерселердин илгичин бекитүү, бекитүү үчүн илгичти өткөрүү.
- Шап кармап кетүү, шамдагайлык, тездик менен шап кармап алуу.
- Айтылган сөздү, акылкеңешти ж.б. тез түшүнө коюу, кабыл алуу, эске, көңүлгө тутуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ниети кара Каракөз, / Өткөрсө да жөн жүрбөйт, / Баскан-турган жеринен, / Илме-чалма кебинен, / Кишинин баары күмөндөйт, / Колунан келсе Каракөз, / Бактыбайды алмакчы, / Мен алдым деп кыргызды, / Айтып бизге бармакчы, / Ушу бүгүн Каракөз, / Бизден кебин танмакчы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өчөшкөн бала Чигитей, / Өлүгүн илип найзага, / Так көтөрүп муну алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…калап, / Чамбыл ала чаң кылып, / Кызыл ала кан кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Чыдай албай коросон, / Чогуу турбай суйулуп, / Чаң созулта качканын, / Найзага илип ыргытып, / Топтуу караан көп элди, / Айдап кирди чубуртуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Найза учуна илбесем, / Сейтектин шаарына, / Көтөргөн бойдон кирбесем, / Кутургур атым бекер!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Кызыл чоктордун кылычтары керегеде шагырап илинип турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →