ийри2
- сүйл. Ийирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күн бешимге жеткинче, / Он эки баатыр балбандан, / Башын кесип алганы, / Бирөө тирүү калбады, / Бирин-бирге жеткирбей, / Бирден сайып жайлады, / Артындакы он миңди, / Короодо койдой айдады, / Чагандынын ийри жар, / Айдап барып камады, / Абдан дайнын сурады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элиме келдим дегенсип, / Эрдемсип мойнун толгосо, / Кекиликтей мойнунан, / Тетир толгоп үзөйүн, / Ийри жерин түзөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күч сынашкан кездерде, / Кара кытай, манжудан, / Калмак менен анжудан, / Шибе, солон - баарынан, / Бир кишиден жеңилбей, / Мөөрөй алган эме кен, / Бир бармагы ийри үчүн, / Атын Майтык дээр экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ийриси жок түз көптү, / Сымбаты артык келбеттүү, / Сепкили жок ак бетүү, / Кайран эр кандай болор?!”деп, / Каңгырыктап эл кетти, / Жеткен жерде Кутургу, / Гүлүскө най…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Тамдын бурчунда, Бурмакенин ийрип бүтпөй калтырган жипшууларын кармалап, үшкүрүп Жанымжан отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →