ийне
- Тигүү, сайма саюу сыяктуу иштерде колдонулуучу буюм. Бир учуна жип өткөрүлүүчү көзчөсү бар, экинчи башы абдан учтуу ичке металл.
- Тикенек, шибеге сыяктанган ар кандай ичке учтуу нерсе.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ирип кеткенин, / Манжулардын элинен, / Мыңчелык өлүп бүткөнүн, / Каракөз барып катышып, / Кыргызга колун салганын, / Элди бузган долуну- / Жасандыны алганын, / Ийне-жибин калтырбай,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жаш жыгачтуу алманын, / Кабыгынан жыйдырып, / Кырчындуунун кырк чачтуу, / Тал бүчүрүн сыдыртып, / Кермегин жакшы кандырып, / Тандап жүрүп абдан, / Буласын алдым талынан, / Ак болотту эгетип, / Арасына ширетип, / Албарс учтуу шибеге, / Ак болот ийне биздерде, / Айланасын кабууга, / Араң жетти бир күнгө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Капаланып Канчоро, / Акыйа тиктеп ошондо: / — Кабаган канчык, дөбөттөр, / Келипсиңер короого, / Ийиле турган жерим жок, / Ийне-жипче мен болсо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жанынан ийне үзгөн жан эмес.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Экинчи күнү жашынганда Чыныбекти Айымсулуу колундагы ийнесинин саптаган жиби учундагы түйүнгө кошо түйүп жашырды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →