ийле

китептерде 12 жолу, 5 китепте
  1. Тебелеп, ушалап (мис, терини) жумшартуу, ийине келтирүү.
  2. Мыжыгып эзгилөө, жанчып, жуура аралаштырып ж. б. аракеттер менен жумшак абалга, ийине келтирүү.
  3. өт. Аябай сабоо, уруу, тепкилөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алып барып жаткызып, / Кашкулак менен кажырдын, / Өтүн сурап таптырып, / Түлкүнүн өтүн коштуруп, / Бириктирип ийлетип, / Ууга сугарткан найза экен, / Мөшкөй уйду салдырып, / Күнүгө үч маал ичирип, / Бээнин сүтүн алдырып, / Чоң чарага куйдуруп, / Бактыбайды салдырып: / — Буткул… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ескилеп, / Кулгуна жерин тешкилеп, / Эбеп менен себептен, / Күндө салып себелеп, / Түлкүнүн өтүн таптырып, / Жаңылап күндө чаптырып, / Кажырдын өтүн алдырып, / Ийлеп туруп салдырып, / Көкжоруну карматып, / Өлтүрбөй тирүү жардырып, / Тазкарынын алдырып, / Ысуулай бойдон таңдырып, / Кан-ириңин бузулган, / Картык менен тарттыр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тилбеген менен терисин, / Күдөрүдөй ийлеген, / Оозунан мөжүк кан кускан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Мергенге тандап аттырып, / Чылгый тери жагында, / Аки берип ийлетип, / Алтымыштай балбанга / Анжийанга киргизип, / Алма кабык алдырып, / Жайы-кышы малмага, / Жеткилең абдан салдырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Алдыгындан Беккулга бир уучтап берип койчу,— деди, төрдө бүкүңдөп насыбай ийлеп отуруп. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →