ийин1
- Моюндан кар жиликтик жогорку башы орношкон жерге чейинки аралык, акыректин үстү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Балдарың калды бой тартып, / Айрыкча Манас чоңойуп / Ат жалын тартып мингели, / Өктөмсүп жүргөн калмактын, / Ийинге бары киргени, / Көңтөй, Шоорук оолугуп, / Өлөрүн алар билбеди, / Алооке качып Нарындан, / Күн чыгыш эли баатырдын, / Ашкере атын билди эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
экен, / Төрт айагы тартайган, / Чарадай бар таманы, / Баскан изи талпайган, / Тарбалаңдап жүгүрсө, / Аркасында чаң калган, / Чокмору бар колунда, / Арта салып ийинине, / Чандан эрден жан алган, / Каарын салып заарданган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Арпанын башы жайыктан, / Зуңконун зоосу туйуктан, / Музой Калча алыптыр, / Бүркүт тууган уйадан, / Ак ийин деген балапан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Базарга түшкөн малды сынап жаткандай менин баш-аягыма айландырып карап алып, ийинимден жогору көтөрүп, тартып коюп:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Түлкү буту-бутуна тийбей качып отуруп тайгандан кутулбасын билгенден кийин жакын арадагы ийинге кире качат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →