ийик1
- Жүндөн, кебезден, ар кандай буладан жип ийрүүгө ылайыкталып жасалган нерсе.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эртең менен болгондо, / Эл жайыкка толгондо, / Казыначы куу жигит, / Чимирик болгон кол ийик, / Кашына Каныш ээрчитип, / Кайырма жака киш ичик, / Желбегей Каныш жамынып, / Эки жеңи салынып, / Казына оозу ачылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кочкордон бетер койушуп, / Ийик саптай кызыл кан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ийик баштай ак эмчек, / Имере кармап алды эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ары жактан ийик ийирген бир катын келип кошулду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бирок Ак кандын кызы: "Бул эркек эмес - аял, мунун эркек же аял экенин билиш үчүн буга ийик саптаталы.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →