из

китептерде 335 жолу, 10 китепте
  1. Адамдын, жаныбарлардын, машинанын ж.б. жүргөн, басып өткөн жерлеринде калган белги, так.
  2. өт. Турмуш жолу, басып өткөн өмүр жолун билдирүүчү белги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Калдык кетип калганы, / Бүгүн эртең келет деп, / Калдыктын жолун тосоттоп, / Бекбача үч күн карады, / Келбегенде Бекбача, / Кайра кеткен жеринен, / Калдыктын изин чалганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыраакы өзү укмуштуу, / Бастырган жерден баатырдын, / Атынын изин карады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тулпардын изи экен, деп, / Тиктеп көрсө бекемдеп, / Алтымыш уруу алаштын, / Такасындай из эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
ойлоп олтуруп, / Алтын ээрин калмакча, / Атка чыңдап токунуп: / “Кара кыргыз уруугу, / Кан ичме жинди улугу, / Жакыптын уулу Манаска, / Ата-журту алашка, / Ат изин салып көрөйүн, / Адылдыгы чын болсо, / Алдына төөдөй чөгөйүн: / Коңурбайдай олчойсо, / Коржоңдошуп көрөйүн, / Быдыратып күч жетсе, / Кабыргасын сөгөйүн, / Эби … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кырк бир атчан киши эле, / Байа анык санаса, / Калганынын дайыны жок, / Жалгыз аттын изи бар, / Из кубалап караса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →