идиш
- Тамак-аш куюп ичүү үчүн, азык-түлүктөрдү сактоо үчүн, ошондой эле ар кандай нерселерди салып коюу максатында колдонулуучу чыны, табак, кап сыяктуу буюмдардын жалпы аты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Асманда туруп Сумурук, / Сүйлөгөн кеби угулуп: / — Силер кохар салганда, / Силер көрбөс бир кол бар, / Кохарды алып таш салат, / Ошол үчүн идиште, / Кохары жок таш калат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…н май, / Эки башка идиште, / Майлаган буудай куурдак бар, / Жана башка алардан, / Шекер менен балы бар, / Томоргон сары майы бар, / Сары канттан чылаган, / Бир идишке кара чай, / Чайдын аты махошун, / Ичкендин көөнү жай болсун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Идиштерин жыйганда, / Хандык жолун кылганда, / Алымбайдын Бердике, / Катты сунду ушунда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Кой келери менен ар кайсы үйдөн идиштерин көтөрүп, бирден-экиден болуп, эрине баскан келиндер чыгып келди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Суу берейин, бирок идишим жок, карапачыларга баргында идиш алып келгин, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →