зээн

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Туюм, бир нерсени туюп-билүү жөндөмдүүлүгү, акыл-эстүүлүк.
  2. Көңүл, көөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

ойлопмун, / Сен экенсиң эр жүрөк, / Алдында өлгөн эрлерди, / Баарын энөө ойлопмун, / Мени менен эрдигиң, / Тең экенсиң болжолуң, / Калдуубет айтып барганда, / Зээниме алып койбопмун, / Арак ичип, тамак жеп, / Ачкан курсак тойбопмун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Баягыларды көрүп баланын зээни кейип ыйлайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →