зың
- Кере тартылган кылды, зымды ж.б. кагып жиберүүдөн улам чыккандагыдай дабышты билдирүүдө же баштын сыздапзыркырап, сайгылаша кеңгиреп ооругандыгын билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Асаба башта калкылдап, / Боз кисе белде шалкылдап, / Найза колдо заңгырап, / Канжыгада доолбас, / Чымын тийсе зыңырап, / Туулганы башка чөмөрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Асабасы калкылдап, / Алтындуу саадак жаркылдап, / Кең багалек буулум шым, / Үзөнгүдө шалпылдап, / Кылыч кында шыңгырап, / Ай балта белде жалтылдап, / Найза колдо зыңырап, / Аргымак аттар алкылдап, / Жоокерлердин жүрөгү, / Токтоно албай балкылдап, / Шалкыматтын жолунан, / Миң киши чыкты атышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Зың-зың этип зымырайт, / Зымдай кылып жымылдайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Аарынын уюгундагы балга бутун сала берерде "зың-ң-ң - зың-ң-ң" деген үндү дагы угат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
"Жокемдин сөөгүн таза жерге коем" деп, түлкү кийин этин жемекке зыңыйта жашырат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →