зырп

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Тыз эте түшкөндөй, сыздай түшкөндөй сезимдин пайда болушун, чочуп же коркуп кетүү сезиминин боло калышын билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жүзүңдү көрө калганда, / Жүрөгүм менин зырп этти, / Козголуп жүрөк чайпалды, / Ким экениң билбеймин, / Атыңды мурун айтпады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
— «Чоңкол» деп укканда Элебестин мурунтан үшүгөн жүрөгү зырп эте түшкөндөй болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →