зым
- Электр тогун өткөрүү, бир нерсени ороо, таңуу, байлаштыруу сыяктуу ар кандай керектөөлөргө ылайыкталган, айрым музыкалык инструменттерге колдонула турган жип сымал ичке жумуру металл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Зым-зым этип зымырап, / Манжулардын чоң Бодоң, / Эч нерсени элебей, / Эр Бекбача жолборсту, / Бучкагына теңебей, / Бекбачаны баш кылып, / Кетемин деп талкалап, / Керег…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Зым-зым этип зымырап, / Чокморду улай кармашка, / Тайарланып бул турат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…-жылт этип чыркырап, / Зыркаар жүрүп эпкиндеп, / Шамал чыгып дыркырап, / Төбө чачтар үрпөйүп, / Сакалдары үксөйүп, / Муруттары бириндеп, / Этектери дирилдеп, / Зым-зым этип зымылдап, / Салтанаттуу Кененим, / Ак мейкин зоодой зымырап, / Жер бетинде айбандар, / Курт-кумурска көп жандар, / Коркконунан кобо албай, / Былк этпей жа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Зың-зың этип зымырайт, / Зымдай кылып жымылдайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Алдында темир үч катар, / Арсайып зымдар тартылган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →