зулум
- Жапа чектирип, зордук-зомбулук көрсөтүүчү таш боор, ырайымсыз катаал, залим.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Угуп муну Суумерген, / Жер кыдырып келиптир, / Айдап барып биздерди, / Чынгыш ханга бериптир, / Өзү дагы Суумерген, / Киши сойуп эт жеген, / Зулумдун бири ал экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кара жандан түңүлүп, / Карадөөнүн зулумунда, / Кайгы тарткан байкуштар, / Жарык күн көрүп маңдайдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Семиз болсо сойуп жеп, / Өзүң окшош адамга, / Зулум, закмат отуңду, / Жайасыңбы, Жалгыз көз?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Зулумдан өлдү канчасы, / Кой оозунан чөп албас, / Момундан өлдү канчасы, / Букара өлдү канчасы, / Зордук менен буйрукка, / Айдалып келген барчасы, / Каңгай, манжу шибенин, / Кара кытай, солондун, / Калкынан өлдү канча миң, / Тынч элди айдап кырдырган, / Беш уруктун чоңдору, / Улук болбой жерге кир!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →