зорго

китептерде 24 жолу, 8 китепте
  1. Араң, эптеп-септеп, кыйналыпкысталып, араң-араң.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Араңдан зорго колго алды, / Уссундун эли урумда, / Беребиз кабар ушуга, / Калбай баары бүт келет, / Бизден кабар укканда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кумсарың кылды кайратты, / Сулуу кыз кылды жардамды, / Алып келдиң бул жерге, / Араңдан зорго жан калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Балта тийип чыкыйга, / Найза кирип өпкөгө, / Кош өпкөсү тешилген, / Багып жатып Көкмончок, / Араңдан зорго жетилген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Шили өтө талуу жер, / Араңдан зорго көтөрдү, / Калыңдыктан кара жер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Экөөнөн башкасын ар кайдан терип жүрүп, зорго жыйнадым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →