зор

китептерде 318 жолу, 9 китепте
  1. Көлөмү, көрүнүшү, тулку-бою ж. б. жагынан чоң, олбурлуу, алибеттүү, көлөмдүү.
  2. Айырмасы, өзгөчөлүгү жагынан жогору, мыкты, башкалардан айырмалуу.
  3. Аймагы кең, чоң.
  4. Кандайдыр бир нерсе жагынан жетиштүү, мол, көп.
  5. өт. Кызмат абалы, даражасы жагынан жогору турган, мансаптагы адам, чоң, улук, жалпы эле текшерүү, бийлик жүргүзүү, башкаруу сыяктуу иштер менен катнашы болгон адамдарга карата колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ортодо Отор оолугуп, / Ойлонуп чочко олтуруп, / Он миң киши кол бөлүп, / Өзүнө кийин туруучу, / Он эки мыкты зор бөлүп, / Туйбасын деп Чигитей, / Бир кишини купуйа, / Түн ичинде узатып, / Медеркан кошо барат, деп, / Таласты көздөй жол берип, / Билбемиш болуп жатыптыр, / Жиберген киши алдыртан, / Медерканга айтыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Дабытай баштап зорлору, / Баары келди чоңдору: / — Талана баатыр, не болдуң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Такта олтурган Сейитек, / Оң жанында зор Бакай, / Сол жанында Гүлүстөн, / Бакайдын ары жагында, / Аташканы айкөл шер, / Атанган энең Каныкей, / Гүлчоронун жанында, / Айдай жеңең Айчүрөк, / Кат жазуучу үстөлдө, / Жалгыз өзү Керменбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Дүйнөнү бузган зор Манас» / Зардабы сага тийбеген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →