зоок

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Көңүл ачуу үчүн уюштурулган ар кандай оюн-тамаша, оюн-күлкүлүү кече, же көңүл алаксыткан эрмек.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…менен сүлөөсүн, / Кундуз менен булгунун, / Жансыздарын чогултуп, / Бай Жакыпка тапшырып, / Нары менен жылкысын, / Соогатчыга таратып, / Ырысын көр мунун деп, / Зоок калтырып каратып, / Касиеттүү Акбалта, / Көктеке тийген байгеге, / Көз кыйыгын салбаптыр, / Бирөөн дагы албаптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Байлардын сол-кулдаган кыздары, боз балдары болуп, эртели-кеч майрамдай кийинип, чогулуп ырдап, гармонь тартып зоок-тор мурункудай тышка чыкпайт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ал таноосун дердендетип оозун ачып, ары-бери ооналактап жатканда, кайдан келгени белгисиз кара бүркүт шукшурулуп кирди да, балыкты зооканын үстүнө көтөрүп барып жей баштады. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Бирок зоокадан эч жол таппай катуу капа болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Дөө түлкүнү башка бир чаап өлтүрүп, өзү качып бара жатып: "Кара дөө деген атагым болсо, ушу Макмуттан качты дегенден көрөкчө, өлгөнүм жакшы эмеспи", деп бийик зооканын башынан кулап өлөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →