зерик

китептерде 19 жолу, 9 китепте
  1. Бош, бекер болуп же бирөөнү көпкө күтүп зарыгуу, эригүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кабар кылды калкына, / Катыны эркек тууган жок, / Күмбөзүн тайып арстандын, / Той берем деп айтууга, / Бекер жатып эриккен, / Кымыз ичип эт жеген, / Тамактан качып зериккен, / Кусур кылып кудайга, / Кыргыз жаткан кез экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жылан тору ат минип, / Мойнуна чылбыр түрүлүп, / Канча жылдан бер жакка, / Кагышарга жоо таппай, / Калган чунак зеригип, / Темир тоонун тараша, / Жануп жагы жол эле, / Семетей кеткен мезгилде, / Зор бакай жаткан тоо эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Аш-тамагын кемитпе, / Кумалак билчү таап бер, / Абам жатып зериксе, / Кожурашып жаткыла, / Эки кары эрте-кеч, / Биз барып кайта келгиче, / Биз келгенде кетээрсиз, / Элебей жата бериппиз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алтымыш айры бугудан, / Атайлап бирин атпасам, / Мүйүзүнүн маалында, / Алып сага чаппасам, / Зеригип калат жалгызың, / Ошентип көңүл ачпасам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бул жалгыз ыр эмес жолдо катар жомок айтып, аңгемеден аңгемеге салып, өзүнүн башынан өткөргөн окуяларын сүйлөп, бир зериктирчү эмес. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →