заңк

китептерде 18 жолу, 6 китепте
  1. Мылтык атылгандай, катуу кыйкыра үн салгандай катуу чыккан дабышты, үндү билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Башы мөңгү Ала-тоо, / Этеги туйук көк аска, / Кайберен барат капталдап, / Эки жаны заңгыр зоо, / Капчыгайдын өзөнү, / Карагай, кайың, тал анда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алмабашка Алмамбет, / Чачырата ок салды, / Колумсадан жебе алды, / Жаага кездеп аны алды, / Кытайча кызыл доолбас, / Заңк дедире бир салды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Заңгы менен дөөлөрдү, / Сапырып кырып таштаган, / Канчасын алган андайдан, / Аккан салар баштаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Ортого алып абаңды, / Кырк кыз келет чубашып, / Суркойон менен Гүлчоро, / Семетейге жанашып, / Салам айтты заңк этип, / Семетей карап койгон жок, / Мурункудай жарк этип, / Унчукпай кетти бастырып, / Буурул менен болкойуп, / Ак шумкар колдо койкойуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мынабу асманга төбөсү тийип тургандай, бийик заңгилди минип турган коюу, кара булут түнөрүп, улам калыңдап, бери карай чабуул жасап эңкейип келет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →