зат
- Болмуш, нерсе, буюм.
- өт. Маңыз, сапат, касиет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…билек тарамыш, / Ичин карай тырышты, / Билгени жок торгой кыз, / Мынчалык болгон жумушту, / Колу күйсө шыркырап, / Эми кандай болот, деп, / Беттешип турган бек затка, / Эки көзү чачырап, / Өзүнчө туруп ал жерде, / Төрөөттө кара баскандай, / Азуулары качырап, / Чок өчүп колу калыптыр, / Бул ашырып айткан иш эмес, / Жүрөгү кү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сымбатың сырдай кубулган, / Кубулжутуп туудурган, / Затыңды айткын сен кимсиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ешип кирген эки дөө, / Болуп жаткан дүңкүлдөк, / Айкырышып бакырып, / Ач кыйкырык чаңырык, / Тулпарлардын туйагы, / Топону көккө сапырып, / Буларды көргөн адам зат, / Акылынан жаңылып, / Бактысы кимге жар болот, / Кимиси өлүп жоголот, / Кими өлүп ким калат, / Кимиси жерди жастанат, / Жардап карап эл турат, / Кыргыз менен …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кайран Мунар күч алып, / Бир кумардан чыгат ко, / Боорун жарып өт алып, - / Мөндүлөшүп каңгайлар, / Мунарын турду карашып, / Кудай урган Мунарды, / Көргөндүн баары таң калып, / Аты да Мунар экен, деп, / Заты да Мунар экен, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Атын уксаң мамындай: / Караногой Мажиги, / Камбардын уулу Чалиги; / Кайгуул, Бөкүл, Торолчу, / Кабарга кыйын болуучу; / Шыңгынын уулу Кербени, / Шыптуу кашка дүрбөөнү; / Саргыл аттуу Затайы, / Ал жандардын Атайы; / Үйшүндөрдүн Үмөтү, / Үмөтаалы Жайсаңы; / Бообек, Шаабек, Шүкүрү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →