зар2
- Орундалбай, максатына жетпей жүргөн же жетпей калган өкүнүчтүү тилек, ичтеги арыз-арман, муң-кайгы.
- Зарыл, муктаж.
- Кесепеттүү натыйжа, кандайдыр бир нерсенин зарпы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Убадаңды бек кылсаң, / Чачылган малды бүт жыйсаң, / Сандыкта зарды жам кылсаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Урматтуу казак элиңди, / Өзгө журтка кар кылып, / Жайнаган колуң бул турса, / Калкыңды ага зар кылып, / Басарга калбай бош жери, / Кең дүйнөсүн тар кыл, / Бул кылышың жакшы эмес, / Арамдык кылган мен эмес, / Адал ашка күмөнсүп, / Сен Медеркан, киши эмес!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…Утур келип ал жерге, / Шаңкай кыргыз элдерге, / Кененимге айткын, деп, / Азабыңды тарткын, деп, / Адамына тийбеди, / Басып жүргөн тирүү мал, / Сандыктагы алтын зар, / Орого куйган эгин бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Атын айтып эске алса, / Орто оокаттуу бай болгон, / Абамды аңсап сагынып, / Ак калпак кыргыз зар болгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Агар алтын, зар урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →