замат
- Окуя, кыймыл-аракет дароо, бат, кандайдыр бир учур менен удаалаш болгондугун көрсөтүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Барар замат өлсүн, деп, / Бадырек кордук көрсүн, деп, / Белди Алмамбет сойсун, деп, / Кырк чоросу Манастын, / Боорун кактап койсун, деп, / Боорун кактап жебесе, / Ичин жар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тыңшап уккан кеби ошол, / Ошол замат эр Бакай, / Кайра басты бүгүлүп, / Атын көздөй жүгүрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Эгер почто келип, жетер замат жолчулар даяр болбосо, же ашууга барганда аттары тартпай калса, почтодо отуруп бараткан төрөлөр жолчуларды омбу карга будалап, тепкилеп коё берүүчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кожоюн ошо замат жооп бере койбоду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала өлгөнү жаткан кызды көрүп, ага жыландын үйрөткөн дубасын окуду эле, ошол замат кыз төшөктөн баш көтөрүп, айыгып чыга келди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →