закый
- Залкайган чоң көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…а тооктор мекийип, / Кыргыйек турат чекийип, / Көк жору учат калкылдап, / Ителгиси баркылдап, / Карагай, кайың талында, / Терек, чынар - баарында, / Куш отурат закыйып, / Төө куйрукту кучактап, / Үкү жатат бакыйып, / Жүдөмүш деген канаттуу, / Жүндөрү узун саксайып, / Көрккө түшүп көргүн деп, / Бүркүттөр турат далдайып, / Көп …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алымсарык балага, / Армансыз болуп өлгүн, деп, / Туруп берди закыйып, / Тарпка канган кажырдай, / Көөдөндү тосуп лакыйып, / Ирмебей кирпик тиктесе, / Тоңгон уйдун көзүндөй, / Түбүндө кайнап чакыйып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
баркылдап, / Дүркүрөп көлдөр жылтылдап, / Балыктар ойноп кылтылдап, / Тоодоку улар чакырып, / Токойдо элик бакырып, / Белде турган аскердей, / Бой жасап терек закыйып, / Бугусу ойноп тарбаңдап, / Бүркүттөр учуп далбаңдап, / Кулжа менен тоо теке, / Мүйүздөрү калдаңдап, / Төөлөр ойноп тайраңдап, / Уйлары ойноп сайгактап, / Чөө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…/ Калкамандын кара атын / Камчыланып шарт койуп, / Ажыбайды котчу алып, / Атты көздөй оң тартып, / Айдаркандын элине, / Арстан Манас жеткенде, / Кадаада турган закыйып, / Жээрде атты жаратты, / Кыраан Манас башкадан, / Кимдики деп айтпады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →