заар1
- Уу, уулантуучу зат.
- Көбүнчө биттелбеген текеден же кочкордон күүлөгөн учурда чыгуучу коңурсуган жаман жыт.
- өт. Каар, ачуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Маңгыттардын хан Калдык, / Жан алчуудай каарданып, / Өзүмдүн элим дебестен, / Ачуу сөзүн агытып, / Калгандарга заар салып: / — Эртеңден баштап жекеге, / Мен барамын дебегин, / Мен барам деп чыкканын, / Баш байланып келесиң, / Баш байланып келбесең, / Башыңды берип өлөсүң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…артыптыр, / Көзүн ачып караса, / Кыйар менен, Чигитей – / Эр беттешип жатыптыр, / Бирөө каман, бирөө шер, / Тең беттешип жатыптыр, / Бири бөйөн, бири чайан – / Заар беттешип жатыптыр, / Токой күйүп тумандап, / Борошолоп жамгыр жаап, / Каар беттешип жатыптыр, / Алдында минген аттарын, / Кара баткак жуурулуп, / Суудай тери к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Минген аты Куучаптар, / Малунада каруу бар, / Жылан менен чайандай, / Адамга салар заары бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Муну көрүп Кара дөө, / Катуу арданып кайран дөө, / Заарын салып жыландай, / Бөйөн менен чайандай, / Аманат жанды айабай, / Кызыл жанды Кара дөө, / Кылга байлап таштады, / Кыйын уруш баштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жылан менен арбашып турганда ал кыймылдап, же бурулуп кетпей, жыландын атын табууга аракет кылып, ар кандай ысымдарды айта баштайт: "Мар", "Могой", "Мокочо", "Кайыш", "Айнек", "Айнеккөз", "Уу", "Заар", "Чаар"!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →