заада1
- Тегин, тукумун же тектүү адамдардын катарына жата тургандыгын билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кармаганча Чакмакташ / Найзаны тартып алганы, / Капыр Калдык калдастап, / Балтасын алды алдастап, / Арам заада чоң маңгыт, / Качып калды калдактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сарыбай өлдү Таласта, / Арбагына четкелип, / Олуйа заада Манаска.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Арамдык кылсам өлөйүн, / Алланын жүзүн көрбөйүн, / Таза шумкар баласы, / Карды тойо жем жебейт, / Хан зааданын баласы, / Кандай жумуш болсо да, / Капа болуп кирдебейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Олуйа заада Кошойдун, / Оройу келер болсочу!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Олуйа заада пир урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →