жөөт

китептерде 32 жолу, 5 китепте
  1. Еврей уруусунун аты.
  2. Билип туруп билмексен болгон митаам, куу, анткор.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Андан калса түрк уулу, / Инди, жөөт, арабдан, / Андан киши келбептир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Багдат, Мисир, Кудусту, / Жөөттөр камап турганда, / Жөндөп берген Кененим, / Барган менен аларга, / Батырбасын билемин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Санаты тогуз күнүндө, / Бадакшандан, Балыктан, / Тарса, жөөт калыктан, / Түркмөн менен калчадан, / Андай нечен барчадан, / Жүржүт менен жудадан, / Калмактан көрүп кордукту, / Ар кайда жүргөн мындайдан, / Көңтөйдү Манас жеңди, деп, / Барбаганы калбаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Дөө уулунун жайы бул, / Сулайматтан өйдөрөөк, / Баарын билген жөөт бул. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Менин айтканым байкап алыңар, / Семетей барса аркаңдан, / Жөөт кебин салуучу, / Жайкап айтып баруучу, / Буулум тонун жабуучу, / Буурул атын тартуучу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →