жөргөлө

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Майда арыш менен жылуу, кыбырап жылуу (көбүнчө курт-кумурскаларга карата).
  2. Эмгектеп, төрт аяктап, же жашырына бөкчөңдөп жылуу, бүжүрөй басуу, майдалай кибиреп басуу.
  3. өт. Корунуп бөйпөктөгөн, тартынган көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каңгайлардын молдосу, / Баш койгон элдин кожосу, / Айтканы калет болбогон, / Азезил болгон жолдошу, / Ыраңкүдүк молдосу, / Күдүктүн уул Жөргөлөк, / Өткөн жылы жайында, / үйүмө конгон жөргөлөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Чөптүн башы үрпөйүп, / Тоо көрүнүп дүңкүйүп, / Келин каш болуп агарып, / Таанылып көзгө жер жарып, / Жандын баары мыдырап, / Жан-жаныбар кыбырап, / Жер бетине жөргөлөп, / Жайнап чыкты быжырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Отто баятан бери быкшып жаткан шакелдин бир убакта дүр этип жанып кеткен жарыгы менен тактанын алдынан таруудай көзүн жылтыратып, жөргөлөп бараткан бир чычкан көрүнө түштү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Эчак эле айтпадым беле, чунак кыздар, чуулдап жүрүп ушуну кылмак элеңер, кайсы жерге түшкөнүн көрсөтүп бергиле, – деп эки кызын ээрчитип Сейит чал сууга келип, сууну ууртап коргошунду тиштеп алайын дегенде, Чыныбек жөргөмуш болуп, бир теректин башына жөргөлөп чыгып кетти. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Тарак түшкөн жердин айланасына чычкан мурду жөргөлөгүс чытырман токой пайда болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →