жөнө
- Бир жакты көздөй бет алып чыгуу, сапар тартуу, жолго чыгуу, жүрүп кетүү.
- Кыймылга келип жылып кетүү, белгилүү бир багыт боюнча ордунан козголо жүрүп кетүү (көбүнчө транспорт каражаттарына карата).
- Иши илгери кетүү, иши оңолуу, жакшы жагына баштоо.
- Негизги этиштер менен кошо жардамчы этиш катарында колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…үрүп, / Лопнурга койсом белем, — деп, / Аманат койуп бул кумга, / Каңгайга барып келгинче, / Таанылбай калат Чакмакташ, / Элдин көөнү ооруур деп, / Өңөрүп алып жөнөдү, / Майтору кайдан жооруур», — деп, / Лопнурдун бойу Акшордо, / Турган экен Кетиркей, / Эли менен Дүркүрөп, / Эштектин эли бүт калбай, / Чакмакташты көргөндө, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ат берели, Алмамбет, / Биз жөө бассак да көрө, / Алп Жамгырчы, Балта дөө, / Сурап келсе бул экөө, / Бербей койор айла жок, / Сынчыны берди экөөнө, / Сынчыны алып келишип, / Беш жүздөн миң ат беришип, / Аттанып булар жөнөдү, / Жарлык ушул жүр дешип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Андан бери карасам, / Чатырды көрдүм талаадан, / Кетейин деп жөнөсөм, / Туш-тушумдан ат койуп, / Адамдар чыкты аламан, / Сийдигим булут айланып, / Куурулуп калды заманам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жолдошум күндөгү адаты боюнча, алдынан атып жөнөгөн коёнго:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала жөнөөрдө Гүлдүзар күчүктү кошуп берип:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →