жөлө

китептерде 77 жолу, 9 китепте
  1. Өйдө карай сүйөмөлөй көтөрүү, сүйөө, таёо.
  2. Бир нерсеге тийгизе, сүйөй коюу, жыгылып кетпегендей таяп коюу.
  3. өт. Жардам берүү, көтөрмөлөө, колдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жетимиш ашып жашаган, / Ак ала сакал Козубек, / Олуйалар колдо, деп, / Күлчоро, Хотен тоосунда, / Ушу бүгүн жөлө деп, / Аңгычакты Йобалы, / Жетип келди күжүлдөп, / Жеткен жерде Йобалы, / Козубекти тумактай, / Томолотту атынан, / Ак ала сакал кары деп, / Өлтүрөт экен аны д… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Угуп алды бар кебин, / Шоорук кайра басканда, / Чатырга кайра келе албай, / Чигитей тапсам айтам, деп, / Табалбасам баатырды, / Таласка барсам табам, деп, / Арамдын ушул кептерин, / Баатырга барып айтпасам, / Канткенде карал табам, деп, / Чигитейге барам, деп, / Жөлөндү төшкө карагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Муруттарын сербейтип, / Эр өлүгү ар тоодой, / Азууларын аркайтып, / Ат өлүгү бир тоодой, / Жарадан каны шыркырап, / Жан талашып буркурап, / Өөдө бол деп жөлөсө, / Көз ачалбай шылкылдап, / Антип жаткан андан көп, / Күндү түнгө улантып, / Түн кетип, күндү чыгартып, / Кеңкула чуркап чаалыкпай, / Кылычты шилтеп Кененим, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кадырлуу Кошой абаңдын, / Көрө койуп караанын, / Урматын кылып бардык хан, / Түшүшүп тегиз атынан, / Көрпөчөнү жайышты, / Кадырлуу Кошой карыны, / Каркыттап жөлөп алышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эрегишпе сен мага, / Менден өлсөң, жаш бала, / Башыңды жөлөр киши жок, / Кар болосуң талаада! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →