жөкөр
- Кызмат адамынын, баатырдын жакын жардамчысы, кызматкери – чоросу.
- Жолдошу, ынак адамы, досу.
- Кан аялынын, кан кызынын бирге жүргөн, кызматын кылган жакын кыздары, жаш келиндер.
- өт. Бул же тигил адамдын кошоматчысы, сөзүн сүйлөп, таламын талашып турган жактоочусу катары да колдонула берет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бута атымча калганда, / Бугу кайыш нөкөрү, / Ажыбай хандын жөкөрү, / Суруп белден ыргытып, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келинден бетер жүгүнүп, / Кандыргалап бүгүлүп, / Катындан бетер жүгүнүп, / Олуйазада Кошойдун, / Улуулугун би…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →