жүүн

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Кыр аркалардын бириккен жери, муунактанып кошулган жери.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайсы жакка барасың, / Не жумушуң бар эле, / Ишиңдин айткын кабарын, / Жүүнүн айткын кебиңдин, / Жөнүн толук билейин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…тып берди эле, / Баары айран-таң калды, / Кеп кылбастан Кененим, / Дабытайды бергенге, / Кеңеш тапкан Келинжыр, / Баатыр Мужун болушуп, / Мууну сайын оморуп, / Жүүнү сайын кескилеп, / Алты катын тепкилеп, / Алты санын алты күн, / Кара бойун бир күнү, / Жети күндө түгөттү, / Ааламдын баарын буй кылган, / Арамзада Дабытай, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бир четиңде жедигер, / Кыргыздын эли дейсиңер, / Баш көтөрттүң Багышты, / Сен Чынаача элебей, / Жүдөтө жүргөн кыргызды, / Талпагыңча тебелей, / Жата берсең анэтип, / Сени да чагат кенедей, / Жүүнүңдү бошотуп, / Жүрөккө кирет жебедей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Үлдүрөп сүйлөгөн сөзүнө, кыймылына караганда жүүнү бош неме болсо керек. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Өзү сөлдөйгөн, узун бойлуу, көзү жашык, жүүнү бош гана жыйырма курактарда пыштайган сары жигит. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →