жүткүн
- Бир нерсеге жакындоо, жетүү үчүн алдын карай обдулуу, кескин түрдө алга карай козголуу, умтула кыймылдоо.
- Көздөгөн максатына жетүү үмүтүндө болуу, үмүттүү тилекте алга умтулуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
- / Одураңдап чоң Жолой, / Оолугуп жөнөп алыптыр, / Жүткүндүрүп Төштүктү, / Жетелешип калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Калың малга он улак берсин дегеним, менин жашым ондо, улактай ойногон кыз кезим, жыйырма түлкү берсин дегеним, киши жыйырмага чыкканда түлкүдөй булактабайбы, отуз карышкыр дегеним, адам отузга чыкканда карышкырдай жүткүнбөйбү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →